НТС

1,5 миң шам менен согушта курман болгондор эскерилди (видео)

Биздин эсибизде! Бул сөздөр 1,5 миң жандырылган шам менен Бишкектин Жеңиш аянтында жазылып, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилди. Иш-чараны «Ветерандар 365» коомдук фонду уюштуруп, акцияга ыктыярчылар жана шаар тургундары келип катышышты. Эскерүү иш-чарасында 1418 шам күйгүзүлдү. Себеби Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары туура 1418 күн дегенде душмандын мизин кайтарышкан. Шам жандыруу акциясы күн батканда башталганына карабастан, бул иш-чарага бардык курактагы шаардыктар катышышты.