Уюшкан кылмыштуу топтордун кысымына чыдабай, өлкөдөн канча ишкер чыгып кеткени тууралуу так маалымат жок. Бирок инвестор качканы иш ордундарынын жабылышы дегенди түшүндүрөт. Ансыз деле Кыргызстанда жумушсуздук маселеси курч турат. Авто, темир жол бекеттеринде, аэропортто чет өлкөгө иш издеп агылып кетип жаткандарды көргөндө жүрөк түшөт.
Автобекетте иштегендердин айтымында, автобус менен эле айына 4 миң киши Россияга жөнөйт экен. Алардын дээрлик баардыгы иш издегендер жана жаштар. Сандарга көз жүгүртүп көрсок, статистика боюнча азыр Кыргызстанда эмгекке жарамдуу 180 миңден ашык адамдын иши жок экен. Өлкөдө жумушсуздарга мамлекеттен жөлөк пул каралган, айына 250 сом.
Учурунда өндүргөн товары менен атагы алыска чыккан завод-ишканалардын имараты азыр аңгырап бош турат. Эгер ошолордун жок дегенде жарымы иштеп турганда, айрым жарандарыбызды кармап калат белек. Эми өткөн иш өттү. Азыр деле ири ишканаларды ачып айылын таштап алыска сапар алгандардын агымын токтотуп калуу кеч эмес. Антпесе азыр эмгек базарына чыгып күнүмдүк ишке жалданып иштегендер дагы бара-бара миграциянын шамалына айдалбайт деп кепилдик бере албайбыз.
Жумушсуздук, миграция канчалаган үй-бүлөнү бузду, канчалаган балдар ата-энесинен алыс чоңоюп жатышат. Акча табам деген кыял менен чет өлкөгө барып, турмуштун оор сыноосуна кабылып тентип кеткендери канча, мекенине бутка турган мигрант эмес табытка салынган сөөгү келгени да бар.