Эки аялдын өмүрүн кыйган 16 жаштагы кылмышкер (видео)

6162

Бишкекте 2 аялды мыкаачылык менен өлтүргөн делген өспүрүм кармалды. Шектүү 16 жашта. Муну Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан ырасташты. Алынган маалыматтар боюнча, 31 жаштагы кызы өзү жашаган үйгө жаңыдан таанышкан баланы алып келгенде, бул энесине жакпай калып, ортодо чыр чыгат.

Акыры пикир келишпестик кол салуу менен аяктап, шектүү алгач апасын, андан кийин кызын бычактап салат. Экөөнүн жансыз денеси 12-майда ордо калаадагы Ибраимов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги барак үйдөн табылган.