Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан 4 киши мурт кетип, 11 адам жабыркады

4234

Кырсык Бишкек-Ош жолунун 163-чакырымында, тактап айтканда Суусамыр өрөөнүндө болуп, анда «Мерседес-Спринтер» жана «Хонда-Степ» унаалары кагышкан. Анын кесепетинен 3 аял киши жана 5 жаштагы эркек бала жеринде набыт болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тараткан маалыматына караганда, куткаруучулар жол кырсыгынан жаракат алгандарды «Тез жардам» кызматына, каза болгондордун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, быйылкы жылдын алгачкы 9 айында эле 4694 жол кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,3 пайызга көп.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.