Жол кырсыгына кабылган Максат Чойбеков кызматтан убактылуу четтетилди

1960

Жол кырсыгына кабылган Сокулук райондук милициясынын башчысы Максат Чойбеков кызматтан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу Чүй областтык милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, милиция башчысы кабылган жол кырсыгы боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, иликтенүүдө.

Эске салсак, 7-декабрда Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Ысык-Ата районундагы бөлүгүндө Чойбеков айдап бараткан «Мерседес Бенц» унаасы «Мерседес-Бенц-Спринтер» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. Кырсыктан жүк ташуучу унаанын айдоочусу оор жаракат алып, Кант шаардык ооруканасына жеткирилген. Учурда ал комада жатат жана дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүүдө.

Милиционер болсо медициналык алгачкы жардам алган соң белгисиз тарапка кетип калганы белгиленген. Ошондой эле, Ысык-Ата районунун тергөө органдары кырсык учурунда Чойбеков мас абалында болуп-болбогонун иликтей турганы айтылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.