Сокулук милициясынын башчысы аралашкан кырсыктан жабыркаган киши көз жумду

2878

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Максат Чойбеков аралашкан жол кырсыгынан жабыркагандардын бири ооруканада көз жумду. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты. Ал ооруканага баш сөөгү талкаланып, өтө оор абалда түшкөн болчу.

Эске салсак, жол кырсыгы 7-декабрь күнү таңкы саат 4:00до Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда катталган. Анда милициянын полковниги башкарып бараткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаа менен жүк ташыган микроавтобус кагышып, бустун айдоочусу менен бир жүргүнчүсү жабыркаган.

Милиционер болсо жол кырсыгынан соң мас абалында болгон-болбогону боюнча экспертизадан өтүүдөн баш тартып койгон. Кечээ болсо анын ооруканага кайрылганы белгилүү болду. Чойбеков учурда иштен четтетилген. Ал эми иш объективдүү каралышы үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.