Кыргызстанда 400 орундуу эки бейтапкана курулат (видео)

2912

Кыска убакыт аралыгында өлкөдө жугуштуу ооруларды дарылоочу 400 орундуу 2 бейтапкана иштей баштайт. Учурда Баткен областынын Кадамжай районунда Өзбекстан мамлекетинин колдоосу менен 200 орундуу оорукананын курулушу жүрүүдө. Жакынкы күндөрү мындай бейтапкананы тургузуу иштери Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын аймагында да башталганы турат.

Жеңил конструкциядагы медициналык мекемелерди салуу үчүн кошуна мамлекет атайын модулдук курулуш конструкцияларын жеткирип берди. Ошондой эле, жардам катары Өзбекстан медициналык каражаттары менен биргеликте эле дарыгерлер тобун дагы жөнөткөнү жатыптыр.