Жаш кызга сексуалдык ыдык көрсөттү деп шектелген тергөөчү кызматын тапшырды

5179

17 жаштагы практикант кызга сексуалдык мүнөздөгү ыдык көрсөттү деп шектелген Токмок шаардык милициясынын тергөөчүсү кызматын тапшырды. Бул тууралуу Чүй областтык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Учурда окуя боюнча бардык материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Маалыматка караганда, жагымсыз окуя өткөн аптада болуп өткөн. Анда тергөөчү студент кызды өзүнүн кабинетине киргизип алып, эшикти кулпулап, ыдык көрсөтүү аракетин жасаган. Бул убакта кыз кыйкырып, жардамга чакырууга жетишкен. Тартип сакчыга карата «сексуалдык мүнөздөгү ыдык көрсөтүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.