Канат Исаевди кызматтан кетирүү аракети башталды (видео)

3942

Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаевге ишеним көрсөтпөө боюнча кол топтоо жүрүп жатат. Спикерге байланыштуу маселе 28-октябрда парламенттин жыйынында каралышы ыктымал. Эгер Канат Исаев төрагалыктан кете турган болсо, анын ордуна Талант Мамытов барары айтылууда. Талант Мамытов өзү мындай божомолду бышыктаган да, төгүндөгөн да жок.

Белгилей кетсек, спикерге ишеним көрсотпөө үчүн 40тан кем эмес депутат демилге көтөрүшү керек. Ал эми кызматтан алуу үчүн 80ден кем эмес эл өкүлүнүн макулдугу талап кылынат. Садыр Жапаров декабрдын башында кызматтан кетип президенттик шайлоого катышаарын билдиргенден кийин, өлкө башчысынын милдетин ким аткарат деген маселе пайда болгон. Төраганы алмаштыруу аракети да ушундан болуп жатышы мүмкүн.