Президенттин укуктарын кеңейткен баш мыйзамдын жаңы долбоору (видео)

3580

Баш мыйзамдын жаңы долбоору кызуу талкууга алынууда. Парламенттин сайтында, документти Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты демилгелегени көрсөтүлгөн. Жаңы редакцияга ылайык, мамлекеттик башкаруу түп тамырынан өзгөртүлүп, президенттин укуктары бир топ кеңейтилет экен. Долбоордо мамлекет жетекчиси өкмөт башчысын дайындап, аткаруу бийлигинин курамын жана түзүмүн аныктайт деп көрсөтүлгөн.

Буга кошумча президент беш жылдан эки мөөнөткө шайланууга мүмкүнчүлүк алат. Мындан тышкары, «Элдик курултай» деген жаңы институтун түзүп, депутаттардын санын 90го кыскартуу сунушталган. Референдумду 10-январга мөөнөтүнөн мурда дайындалган президенттик шайлоо менен бирге өткөрүү аракети көрүлүүдө.