Бишкекте эл аралык кино фестивалы башталды (видео)

1951

Бишкекте «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» деп аталган эл аралык фестиваль башталып, кинорежиссерлер кызыл килемден өтүштү. Баарынын жүздөрүндө жылмаюу менен кошо толкундануу бар.

Анткени 500 тасманын ичинен дал ушул 26 режиссердун тасмасы тандалып алынып, көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун сынына коюлуп жатат. Уюштуруучулардын айтымында, КМШ, Балтика жана Грузия өлкөлөрүнөн эл аралык сынакка 14, улуттук сынакка 12 фильм тандалып алынган.