НТС

17 адам ит тиштеп, кутурма жугузган (видео)

Жыл башынан бери өлкөдө ит тиштеп алып, кутурма илдетин жугузган 17 учур катталды. Ал эми ар кандай жаныбарлар кол салып, ооруканага кайрылгандардын саны 2 миңге чукул. Кечээ жакында эле Бишкек шаарынын тургунун өзүнүн ити тиштеп алып, ал жарааты ырбагандыктан дарыгерлер бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн 2 колун кесүүгө мажбур болушкан.

3 күн мурда болсо Ош шаарында жолбун ит бир топ адамга кол салган учур катталган. Дарыгерлер жандыктардан жуккан кутурма ылаңы өлүмгө алып келээрин эскертишүүдө.