Коронавирус менен күрөшүүгө байланыштуу 14 иш козголду (видео)

1221

Коронавирус менен күрөшүүгө байланыштуу 14 кылмыш иши козголгон. Мындай маалыматты пандемиянын кесепеттерин аныктоо боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын мүчөлөрү ачыкка чыгарышты. Алардын анализи боюнча, баасы 600-650 сом турган жеке коргонуучу бир костюмду мамлекет 6000 сомго сатып алган.

Ошондой эле, көчөлөрдү дезинфекциялоодо, тоннелдерди колдонууда каражаттар максаттуу пайдаланылган эмес. Пандемия маалында дагы кандай катачылыктар кетирилген жана кайсы жетекчилер жоопко тартылышы мүмкүн?