УКМК тарабынан «Алтуха» кармалды (видео)

1504

Кара-Кулжа районунда эки милиция кызматкерине кол салуу болуп, экөө тең ок жеп ооруканага түштү. Биринин абалы канааттандырарлык болсо, бир тартип сакчынын абалы оор деп бааланууда. Кылмышкерлер канча киши болгону учурда такталууда. Райондогу тиешелүү айылдарга посттор коюлуп, тартип сакчылары шектүүлөрдү түп көтөрүлө издеп жатышат.

Кол салгандар уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү болушу мүмкүн деген версия каралууда. Ал арада криминалдык чөйрөдө «Алтуха» каймана аты менен таанымал Алтынбек Ибраимов УКМК тарабынан кармалды. 2 күн мурда эле ал профилактикалык баарлашууга чакырылып, эскертүү берилген болчу.