Өкмөт: Жетим-Тоо кени эч кимге сатылбайт (видео)

1695

Өкмөт Жетим-Тоону өзү иштетүүнү көздөөдө. Ал үчүн мамлекеттик ишкана түзүлүп, ошол аркылуу темир казылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Максат Мамытканов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бийлик темир кенин сатууга ниеттенип жатат деген сөздөр калп. Ошондой эле, аткаминерлер буга чейин берилип кеткен лицензиялар сот аркылуу жокко чыгарылганын кошумчалашты.