НТС

2 күн аралыгында жол кырсыктарынан 10 адам каза тапты (видео)

Өткөн дем алыш күндөрү бир нече жол кырсыгында 10 адам каза таап, бир нече киши жаракат алды. Баткен областынын Кадамжай районунда 2 унаа кагышып, андан бир үй-бүлөнүн мүчөсү болгон 4 адам набыт болду. Алар 44, 45 жаштагы жубайлар жана алардын 15 жана 1 жаштагы балдары. Тартип сакчыларынын айтымында, алардын 13 жаштагы дагы бир баласы оор абалда ооруканада. Мындан тышкары, Бишкек-Ош жолунда 3 кырсык катталып, 6 киши набыт болду. Булар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.