199

200 гектар жер өрттөнүп кетти


Быйыл өлкөдө 7 ай ичинде талааларда, токойлордо 350гө жакын өрт кырсыгы катталды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 30 пайызга көп. Мындай маалыматты Өрт өчүрүү кызматынын өкүлдөрү берди. Кечээ күнү эле, Чүй областында 200 гектардан ашык талаадагы куураган чөп өрттөнүп кеткен. Тилсиз жоо 9 саатка чукул убакытта толук өчүрүлгөн.