Тез татым түйүндөрүн текшерүү иштери күчөтүлдү (видео)

5801

Бир апта мурда Бишкектеги «Антошка» ашканасындагы жарылуудан жабыркагандардын абалы туруктуу. Анда 14 кишинин сегизи Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна келип түшсө, анын экөө дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган болчу. Алар учурда кадимки палатага которулган.

Ал арада борбордогу тез татым түйүндөрүн текшерүү иштери күчөтүлүп, рейддер жүрүүдө. Себеби бир кишинин өмүрүн алган кырсык катталган ашкана ээсине ага чейин 2 жолу эскертүү берилгенине карабастан аткарылган эмес. Мындай эскертүүлөр Бишкектеги тез татым жайларынын бир тобуна берилиптир. Андыктан тиешелүү мекеменин өкүлдөрү дагы рейдге чыгышты.