Адам өмүрүн алган жол кырсыктары көбөйдү (видео)

2896

Акыркы күндөрү адам өмүрүн алган жол кырсыктары көбөйдү. Кант шаарына жакын айланма жолдо үрөй учурган авария катталып, анын кесепетинен 3 киши мурт кетсе, бир нечеси жаракат алды. Маалыматтарга караганда, «Хонда Стэпвагон» унаасынын айдоочусу алдыда бара жаткан КамАЗды ашып өтөм деп жатып, жол тосмого урунуп, оодарылып кеткен.

Ал арада, Бишкек шаарында да 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, анда 2 унаа талкаланса, бирөө ала салып кетти. Күбөлөрдүн айтымында, унаалардын биринин айдоочусу мас абалында болгон.