Чүйдө турак-жай өрттөнүп, бир адам каза болду

3887

Чүй областынын Озерное айылында турак-жайдан өрт чыгып, бир киши каза тапты. Маалыматтарга караганда, ал жалгыз жашачу. Кырсыкта үйдүн 40 чарчы метр чатыры күйүп кеткен. Окуя күндүз эле болуп, маркум мас болуп келип, бөлмөсүндөгү жылыткычты тээп кеткени белгиленүүдө. Электр жылыткычы бети менен жерге жыгылып, өрт башталган.

Ошондой эле Ысык-Көл областынын Түп районундагы Талды-Суу айылында өрт чыгып, 170 чарчы метрлик мал сарайы күйүп кетти. Ичинде 4 бодо мал жана 15 кой болгон. Үй ээси аларды чыгарууга жетишпей калган. Жергиликтүүлөр өрт өчүрүү кызматы кеч келди деп нааразы болушууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.