3 унаанын катышындагы жол кырсыгында ооруканага эч ким кайрылган жок

7687

3 унаанын катышы менен болгон жол кырсыгында ооруканага эч ким кайрылган жок. Бул тууралуу Бишкектин кайгуул милиция башкармалыгынан билдиришти.

Эске салсак, борбор калаанын Салиева менен Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, анда «Мерседес Спринтер», «Митсубиси» жана «Мазда» автоунаалары кагышкан. Жол кырсыгында спорттук автоунаа жүк ташыган кичи автобустун алдына кирип кеткен болчу.

Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери териштилип жатыптыр.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.