3 жашар бала жол тандабастын алдында калып каза болду (видео)

4251

3 жашар баланы унаасы менен тебелеп кеткен айдоочу камакка алынды. Бишкектеги Орозбеков көчөсүндөгү турак-жай комплексинде жүк жүктөп жаткан жолтандабастын айдоочусу артка айдайм деп короодо ойноп жаткан бөбөктү сүзүп, ал дөңгөлөктүн алдында калган.

Наристе ооруканага жеткирилгени менен алган оор жаракаттарынан улам өзүнө келбей үзүлүп кеткен. Бул боюнча учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.