5 унаада колдонулуп жүргөн бир жасалма номер

5238

Интернетте «578 АСD» мамлекеттик номерлери тагылган унаалардын сүрөттөрү жарыяланды. Алардын биринин айдоочусу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн экендиги талкууланып жатат. Бирок мекеменин жетекчиси бул маалыматты четке кагууда.

Алмаз Мамбетов анын унаасынын номери мындай эмес экенин билдирип, мындай көрүнүштөргө каршы күрөшүү керектигин айтууда. Так ушул номер тагылган унаа 1-декабрда 16:30 Бишкектеги Ибраимов көчөсүндө саатына 74 чакырым ылдамдыкта бара жатканы көрсөтүлгөн.

«578 АСD» жасалма номери менен дагы 4 унаанын айдоочусу колдонуп жүргөнү маалым болду. Бирок Карчек маалымат базасында бул мамлекеттик номердеги унаа боюнча маалымат жок болуп чыкты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.