Ашыкча телефонуң болсо пенсионерге белек кыл (видео)

4560

Пенсионерге смартфон тартуула! Кыргызстанда ушундай аталыштагы акция башталды. Уюштуруучулар санариптик процесстерге улуу муунду да аралаштырып, пенсионерлерге смартфондорду пайдаланууну үйрөтүүнү көздөп жатышат.

Акциянын алкагында бардык каалоочулар колдонбой калган телефондорун тапшыра алышат. Андан соң муктаждыгы бар пенсионерлерге смартфондор таркатылат. Бирок азырынча бир гана адам уюлдук телефонун белек кылды.