Кыргызстанда буудайга болгон баа кескин жогорулады (видео)

3848

Кыргызстанда 2 ай ичинде буудайга болгон баа кескин жогорулады. Орточо эсеп менен бир килограммы 5-6 сомго кымбаттаган. Буга Казакстанда буудайдын түшүмүнүн начардыгы себеп болуп жатыптыр.

Мындан улам, Кыргызстандын Экономика министрлиги ички рыноктогу абалды туруктуу кармап туруу үчүн өлкөдөн буудай экспорттого убактылуу тыюу салууну сунуштады. Өз кезегинде жергиликтүү тегирменчилер мекеменин бул кадамын кечиккен аракет деп баалашууда.