Ката менен жазылган алкыш баракчалары (видео)

2009

Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чарада толгон-токой грамматикалык ката менен жазылган алкыш баракчалары боюнча Маданият министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Бул тууралуу мекеме жетекчиси Азамат Жаманкулов билдирди. Айтымында, териштирүүнүн жыйынтыгы менен жооптуу кызматкерлерге чара көрүлөт.

Эске салсак, 3 күн мурда обончу, аткаруучу Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата Улуттук филармонияда иш-чара өткөрүлгөн. Анда буга чейин уюштурулган кароо-сынактын жыйынтыгы чыгарылып жеңүүчүлөргө министрдин колу коюлган грамоталар тапшырылган. Бирок алкыш баракчалары сыйлык ээлерин кубантпай эле, нааразычылыктарын жаратты. Алар кечени сабатсыз адамдар уюштурган деп билдиришүүдө.