Былтыркы парламенттик шайлоонун былыктары эми чыгууда (видео)

2384

Бул жолку парламенттик шайлоодо саясий партиялар 10 миңге чейин гана үгүтчү жалдай алат. Буга чейин мындай ченем жок болгондуктан, айрым саясий бирикмелер аны добуш сатып алуунун механизми катары пайдаланышканы маалым. Жер-жерлерде тургундарды үгүтчү катары каттап коюп, иш жүзүндө алардын тандоо укуктарын сатып алышкан.

Ал эми дал ошол добушту сатып алууга кеткен акчалар көмүскө жолдор менен келип турган. Айрымдарынын кыңыры эми гана чыга баштады көрүнөт. Кээ бирлери бир жыл мурда мандат үчүн берген акчаларын доолай башташты. Бир апта аралыгында эле БШКнын бир мүчөсү жана экс-депутат кармалды.