Коронавирустан кимдер бизнес жасаган? (видео)

2001

Март айынын башында өлкөдө коронавирустун 3-толкуну эң жогорку чекке жетиши күтүлүүдө. Бирок даярдык 100 пайыз, дейт саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Айтымында, бул жолу тез жардам унаалары жетишпей же ооруканалар кабыл албай койгон учурларга жол берилбейт.

Ал арада өкмөттүн пандемия учурундагы ишмердигин иликтеген комиссия ишин узартты. Себеби иш жүзүндөгү сандар менен штаб берген маалыматтан өтө чоң айрыма чыгып жатыптыр. Вице-премьер министр Элвира Сурабалдиева болсо гумжардамдар уурдалганы аз келгенсип, айрым адамдар пандемиядан бизнес жасашканын айтып чыкты.