Ысык-Көлдө автоунаа менен комбайн кагышты, жабыркагандар бар

6847

Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 196-чакырымында жеңил унаа менен комбайн кагышты. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге барган райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу Талды-Булак айылынын 32 жаштагы жаран “Субару-Легаси” унаасын айдап бара жатканда рулду башкара албай алдыда келе жаткан “Енисей” комбайнын сүзгөнүн аныкташкан. Комбайнды Түп айылынын 23 жаштагы жаран башкарып келе жаткан.

Жол кырсыгынан автоунаанын айдоочусу жана Жылуу-Булак айылынын 65 жаштагы жүргүнчүсү жаракат алып, райондук ооруканага жаткырылган.

Аталган факты Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн электрондук маалымат журналына катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгында юридикалык баа берилет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.