Тогуз ай ичинде бажы төлөмдөрүнөн 30 миллиард сом чогулду. Бул тууралуу бажы кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Ражабалиев «Республика-Ата Журт» фракциясынын отурумунда айтты. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу бажыдан түшкөн киреше 6 миллиард сомго көбөйдү, дешет адистер.
Ал эми Салык кызматы 57,5 миллиард сом чогулткан. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, 5,5 миллиард сомго көп. Бирок ошол эле учурда, белгилүү ири компаниялардан кошумча нарк салыктары бир кыйла аз түшкөн.