100

А. Атамбаевдин Европага болгон расмий сапарынын 1-күнү


Президент Алмазбек Атамбаевдин Брюссельге жасаган иш сапары жемиштүү болду. Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосунда эки каржылык келишимге кол коюлду. Биринчиси – 30 миллион еврону түзүп, ал каражат Кыргызстандагы сот реформасын ишке ашырууга жумшалмакчы. Ошондой эле, аймактарды өнүктүрүү программасына 11 миллион евро бөлүнө турган болду. Иш сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев Бельгиянын королу Филипп менен жолугушту. Ошондой эле, Брюсселдин Эркин университетинин ардакту профессору менен Бельгиянын археология королдук академиясынын мүчөсү тарабынан Кыргызстанга залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча архивдик материалдар берилди.