Экс-башкы прокурор Аида Салянова 26-июнга чейин тергөө абагына киргизилди. Муну менен Азиз Батукаевдин иши боюнча камакка алынгандардын саны 7 болду. Ал эми 5 үй камагында. Алар тергөө менен кызматташып, буйрук кылгандардын атын атап, көрсөтмө бергендиктен абакка киргизилген эмес.
Буга чейинки 11 кишиге «коррупция», «мамлекеттик документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча айып тагылса, Аида Салянова кызматын кыянаттык менен пайдаланган деп күнөөлөнүүдө.