Бала бакчалар бөбөктөрдү качан кабыл ала баштайт? (видео)

1897

Кийинки аптадан тарта Мамлекеттик бала бакчалар бөбөктөрдү кабыл алууну баштайбы же жокпу азырынча белгисиз бойдон калууда. Буга чейин аталган мекемелердин иши 1-февралдан тарта жандандырылары жана анда мектепке даярдык тайпасындагы балдар бара баштай турганы белгиленген. Бирок акыркы күндөрү өлкөдө эпидкырдаал курчуганы байкалууда.

Ал арада абалга жараша бала бакчалардын иштөө алгоритми да иштелип чыга электиги белгилүү болду. Өлкөдө жалпысынан 1,5 миңден ашуун бала бакча болсо, анын ичинен 350 жеке менчик. Бирок мындай жайга балдарын берүүгө көпчүлүк ата-энелердин чөнтөгү жукалык кылат. Пандемиянын кесепетинен улам үйдө камалган балдар жана иштен калып, аларды карап отурууга мажбур болгон ата-энелер…