Милиция коопсуздукту камсыз кылууга даяр (видео)

2259

2-октябрдан тарта милиция күчөтүлгөн режимде иштеп баштайт. Ал эми шайлоо күнү коомдук тартипти тогуз миңден ашуун милиция кызматкери камсыз кылары белгилүү болду. Анын жарымынан көбү түздөн-түз шайлоо участокторунда нөөмөт өтөсө, мындан сырткары, резервде ыкчам аракет көрүүчү атайын бөлүктүн кызматкерлери дагы болот.

Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукту камсыздоо багытында тиешелүү чараларды көрүп, анын алкагында түрдүү чагымчыл аракеттердин алдын-алуу иштерин аткарып жатыптыр. Бул аракеттер шайлоодон кийин дагы, тактап айтканда, добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы чыкканга чейин улантылат экен.