Аксыда 9-класстын окуучусу сабалган мектептин директору иштен бошотулду

14314

Жалал-Абадда 9-класстын окуучусу сабалган мектептин директору жумушунан бошотулду. Билим берүү жана илим министрлигинен өспүрүмдү ур-токмокко алуу фактысы 6-февралда Аксы районундагы №5 орто мектептин аймагында катталганын тастыкташты. Бирок бул окуя эми гана ачыкка чыгууда.

Интернетте жарыяланган видеодо бир нече өспүрүм бир баланы бүтө элек курулуштун ичине киргизип алып, жалгыздап сабап жатканы тартылган. Маалыматтар боюнча, 9-класстын алты окуучусу ушул эле класстын окуучусун сабаган. Таяк жеген өспүрүм ооруканага кайрылган, учурда ал окуусун ошол мектепте эле улантууда. Бул окуядан кийин мектептин социалдык педагогу жумуштан алынганы белгилүү болду.

Азыркы тапта Аксы райондук милициясы “ээнбаштык” беренеси менен сотко чейинки териштирүү ишин ачып, алты окуучу шектүү катары тергөөгө тартылганы кабарланды. Жакында бул иш сотко жөнөтүлгөнү турат. Жабыркаган баланын апасы тосмо арыз жазып бергенине карабай, акырына чейин тергелип бүтөт деп милициядан убадалашууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.