Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Константин Куценко кармалды

7792

Коррупцияга шектелип Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Константин Куценко кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти. Финполициядан маалымдашкандай, ал кытайлык курулуш компанияны жана 1 турак-жай комплексин рейдерлик жол менен басып алуу боюнча козголгон кылмыш ишинде фигурант катары өтүүдө. Константин Куценко конфискациялануучу жер участогунун ээсин чыгаруу жана өзгөртүү боюнча мурда аныкталган коррупциялык схемага катыштыгы бар экени айтылды.

Белгилүү болгондой, ушул эле иштин алкагында 2 жума мурда Бишкек шаардык сотунун сектор жетекчиси жана райондор аралык сотунун судьясы кармалган. 2016-жылы Президенттин аппаратындагы чоң кызматтагы адамдар, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги жана судьялар, сот системасындагы кызматкерлер биргелешип сот чечимдерин бурмалашып, Максим Бакиевге жакын кишилердин мүлкүн камакка алуу чечимин жокко чыгартышкан. Алар муну менен жоопкерчилиги чектелген коомдун кызыкчылыгын көздөшкөн.

Бул факт боюнча “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Эске салсак, Константин Куценко октябрдагы башаламандыктан кийин 2-ноябрда Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түйлөбаевдин буйругу менен аким болуп дайындалган.