Басылмадагы мушташ. Күнөө кимде? (видео)

1604

«Слово Кыргызстана» гезитинин кеңсесиндеги мушташ боюнча «майда бейбаштык» беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүү башталды. Милициянын билдирүүсүнө караганда, эки тарап тең доо арыз менен кайрылып, анда алар бири-бирин кол көтөрүүгө айыптап жатышат.

Эске салсак, кечээ аталган маалымат каражатынын кеңсесинде мушташ чыгып, анда башкы редактор менен коммерциялык директору жабыркаган. Учурда экөөнө тең соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жаңжал эмнеден улам келип чыккан?