Эмгектерин сатып, акчаны дарылоого жумшаган жаш сүрөтчү (видео)

1501

Эмгектерин сатып, түшкөн каражатты дарылоого жумшаган эне-бала. 41 жаштагы Алтынай Молдобаева 1 айдан ашык убактан бери рак илдети менен күрөшүп келүүдө. Учурда абалы күндөн күнгө начарлап жаткан эне кайрымдуу адамдардан жардам күтөт.
Ал үчүн өзү тарткан сүрөттөрүн жакында эле жалгыз уулу сатыкка коюп, түшкөн каражатты дары-дармекке жумшап жатыптыр. Эне-балага жардам берүүнү каалагандар абстракция жанрында тартылган сүрөттөрдү сатып алып, жардамга кол суна алышат.