Майыптарга болгон мамиле (видео)

3899

Өтүп кеткен аптада ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга адаттан көп көңүл бурулгансыды. Анткени 3-декабрда майыптардын эл аралык күнү белгиленди. Айрымдар чын жүрөгү менен кайрымдуулук кылса, кээ бир саясатчылар өздөрүн эл алдында көрсөтүп же шайлоону утурлай колдоого ээ болуу үчүн эле жардам берип, пиар жасоого аракет кылышты. Биз башка маселе жөнүндө айткыбыз келди. Быйыл март айында Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунун конвенциясын ратификациялады. Буга байланыштуу документке президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. БУУнун конвенциясын Кыргызстан 2011-жылдан бери кабыл албай кармап келген. Бул документ майыптардын укугун коргоого багытталган.

Тагыраагы, мамлекет ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бардык шартты түзүп бериши керек. Буга кеминде 7 миллиард сом талап кылынаары айтылып келет. Мындан улам, Кыргызстан 8 жылдан бери конвенцияны кабыл ала албай жаткан. Быйыл документти бекитип жатканда, өкмөт бул каражат 10 жылга бөлүнүп, майыптарга шарт түзүү акырындап ишке ашаарын убадалады. Ошондуктанбы азырынча көзгө көрүнөрлүк иш байкала элек.

Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер шаарда өз алдынча ээн эркин жүрө алышпайт. Анткени шарт түзүлгөн эмес. Ушунун кесепетинен жана ага кошумча коомдун терс мамилесинен улам айрымдар үйүнөн чыккысы келбейт. Кээ бири майыптар үйүнөн башпаанек издеп, тагдырлаштары менен күн өткөрүп келишет.