Коронавируска каршы атайын эсепке 35 миллиондон ашуун сом топтолду

3557

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын эсебине акча которуулар уланууда. 25-мартта саат 17:00гө карата чогулган каражат — 35 миллион 293 миң 891 сомго жетти. Финансы министрлигинин сайтына ким канча каражат которгону туурасында маалымат жайгаштырылды.

Ал жакта жөнөкөй жарандардан тарта менчик компаниялар, фонддор жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерге чейин жардамга кол сунуп жатканын көрүүгө болот. Айрымдары бир кундук маянасын жөнөткөн. Эң азы — 1000 сомдон башталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.