Адам өмүрүн алган лифт (видео)

3965

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу турак үйлөрдөгү лифттердин 80 пайызынын эскилиги жеткен. Жабдыктар союз маалынан бери алмаштырыла элек. Бул тууралуу «Бишкек шаар лифт» муниципалдык ишканасынан билдиришти. Улан-1 кичи районунда 38 жаштагы эркек киши бешик арабасындагы 2 айлык баласы менен кирип жатканда лифт иштеп кетип, шаар тургуну кыпчылып калып, каза тапкан.

Адам өмүрүн алган окуядан кийин мекемелер аралык комиссия түзүлүп, экспертиза дайындалган. Жыйынтыгы азырынча чыга элек. Ал арада Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Бишкек шаарындагы бардык лифттердин абалын жакшылап текшерип чыгууну талап кылышты.