Алоолонгон оттун ортосунда калган күйүүчү май кампасы (видео)

2801

Жай тургундардын өмүрүнө коркунуч жараткан кампадан кайрадан өрт чыкты. Мунун айынан анын жанында жайгашкан бир катар турак-жайлар жабыркады. Кырсык катталган жайда күйүүчү май мыйзамсыз жол менен өндүрүлүп келгени айтылууда. Бишкекте бир жылда экинчи жолу күйүп жаткан май сактоочу кампанын иштешине ким уруксат кагазын берген?

Буга тиешеси бар адамдарга укуктук баа берүү тапшырмасы Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына жана Биринчи май райондук прокуратурасына берилди. Былтыр да кыш маалында аталган кампада өрт чыгып, кошуналар чатырсыз калышкан.