Жол кырсыгына кабылган дарыгерге операция жасалды (видео)

1939

Үч күн мурда жол кырсыгына кабылган тез жардам бригадасынын балдар дарыгеринин бел омурткасына операция жасалды. Ак халатчандар бейтаптын абалын учурда орто оор деп баалашууда. Ошол эле убакта жаш дарыгердин саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн каражат чогултуу да токтотулганы белгилүү болду.

Медиктин дарылануусуна кеткен чыгымды камсыздандыруу компаниясы төлөп берет экен. Ал эми кырсыкта талкаланган тез жардам унаасы 2 апта аралыгында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, андан соң калкты тейлөөгө чыгарылары белгиленди.