Кара-Кечеде ок атылды (видео)

5811

Кара-Кече көмүр кенинде айдоочулар арасында чыр чыгып, ок атылды. УКМКнын маалыматына караганда, тирешүү үчүнчү күчтөр тарабынан уюштурулуп, аны атайын кызматтын аскерлери басуу аракетин көргөн маалда асманга бир жолу ок чыгарылган. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жерине район акиминен тарта УКМКнын аймактык жетекчиси да барган.

Учурда кенде абал тынч жана казуу иштери штаттык режимде улантылып жатканы белгиленди. Ал арада Бишкекте арзан көмүр саткан кампалар бош турат. Бир апталык тыныгуудан кийин, кара отун сатуу кечээ эле улантылат делгени менен, көмүр издеп келгендер куру кол кетишүүдө.