Таштанды маселеси. Элдин аң-сезими качан өзгөрөт? (видео)

1651

Бүткүл дүйнөдө тазалык күнү белгиленүүдө. Буга байланыштуу жыл сайын 157 мамлекетте айлана-чөйрөнү тазалоого чакырган акциялар уюштурулуп келет. Бул демилгени Кыргызстан колдоого алганына 4 жыл болду. Тазалыкка үндөгөн мындай акцияга жөнөкөй жарандар дагы катышып, жашаган жеринин айланасын, эс алуу жайларын таштандылардан арылтууга жардам бере алат.

Бирок мындай иш-чаралар байма-бай өткөрүлгөнү менен акыр-чикирлерди туш келди ыргыткандардын аягы суюла элек. Бишкек шаары боюнча дээрлик бардык жерлерге таштанды челектери коюлганы менен, айрым эринген калаа тургундары ой келди таштаганды адатка айлантып алган.