Адилеттүүлүктү күткөн элдин үмүтүнө суу себилди (видео)

10391

Саясатчылар жана эксперттер Бишкек шаардык сотунун Өмүрбек Бабановду камакта калтыруу чечимине таң калышууда. Кечээ экинчи инстанция Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып койду. Муну менен Өмүрбек Бабанов 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Фемида өкүлдөрүнүн мындай чечимине азыр юристтер жана саясатчылар түшүнө албай турган кези. Алар судьяларды сот системасына көлөкө түшүрбөй, мыйзам менен иш алып барууга чакырышууда.