Коронавирусту дарылаган ооруканаларда орун жок (видео)

9972

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны кескин өсүшү ыктымал. Мындай көрүнү күзгө чейин созулуп, ар бир жүз миң кишинин 500ү Ковидден көз жумушу мүмкүн деген кооптуу божомолдор айтылууда. Мындай маалымат дүйнө жүзү боюнча изилдөө жүргүзгөн окумуштуулардын корутундусунда камтылган.

Анда өлкөдөгү калктын канча пайызы КОВИД-19 вирусуна каршы эмделгени эске алынып, материал даярдалган. Окумуштуулардын божомолу боюнча, Кыргызстанда жакынкы күндөрү илдет жуктургандардын саны күн сайын 1500ден ашып кетиши мүмкүн. Буга ак халатчандар даярбы?