Президент иши начар жетекчилерге ачууланды (видео)

3369

«Коррупция менен күрөшүү колуңардан келбей жатса, арыз жазып кетип, колунан келгендерге орун бошоткула». Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында бир топ аткаминерлердин ишин катуу сынга алды. Отурумда экотехинспекциясынын директорун кызматтан алуу сунушу да берилди.

Себеби анын кол алдында иштеген 6 кызматкер пара менен кармалганда жетекчилик тарабынан эч кандай реакция болгон эмес. Ошондой эле, башкы прокурор менен Жогорку соттун төрайымы да мамлекет башчынын каарына калышты. Бул өтө оор берене менен соттолгон аткаминердин өлкөдөн из жашырып кетишине байланыштуу болду.