Штаб: Базарлардагы соодагерлер жана кардарлар беткап тагынууга милдеттүү

5101

Кыргызстандагы бардык базарларда беткап кийүү тартиби жана башка күчөтүлгөн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары катуу сакталышы керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Өлкөдөгү бардык базарларда, өзгөчө Бишкек шаарында санитардык эрежелерди сактоону тартипке келтирип, көзөмөлдөө керек. Базарларда иштеп жаткандар жана ал жакка баргандар беткапты милдеттүү түрдө тагынуусу зарыл. Базар жетекчилиги ушул маселе боюнча тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөөнү толук жоопкерчилигине алышы шарт. Санитардык кызматтар, жергиликтүү бийлик органдары ири делген «Дордойдон» баштап, республикадагы башка базарларга чейин санитардык-эпидемиологиялык текшерүүлөр боюнча ишти күчөтүүгө тийиш. Ошондой эле коомдук жайларда жана эл көп чогулган жерлерде мындай иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүсү шарт», — деди Кубатбек Боронов.

Ыкчам штаб талаптагыдай тартипти орнотуу, санитардык көзөмөлдөө жана төрөт үйлөрүндө жаңы көз жарган аялдардын саламаттыгы үчүн тийиштүү коопсуздук шарттарын түзүү боюнча тапшырмалар берилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.