Чүйдө өспүрүм кыздын өлтүрүлүшү боюнча соттук процесс өткөрүлөт

3373

Чүй областында 14 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүрүү фактысы боюнча алгачкы соттук процесс өткөрүлөт. Отурум Кемин райондук сотунда болот. Бул тууралуу маркумдун туугандары билдиришүүдө.

Маалыматка ылайык, жараян түшкү саат 12:00го белгиленген. Коомчулуктун үрөйүн учурган окуя мындан 1 ай мурда болгон. Анда абактан чыкканына бир жума болгон 20 жаштагы жаран көчөдө бара жаткан өспүрүмдү зордуктоо максатында күч менен ээн калган имаратка алып кирген. 14 жаштагы кыз ага каршылык көрсөткөндө, аны катуу сабап салгандыктан, ал кыз каза болуп калган.

Бул кылмышка шектүү катары милиция буга чейин бир нече жолу соттолгон 20 жаштагы жаранды кармаган. Ал Кашкелен айылынын тургуну болуп чыккан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.